КМУда Түштүк Корея Республикасынын делегациясы менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын кызматташтык кеңешмеси өтүүдө
Бүгүн, 9-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Түштүк Корея Республикасынын делегациясы менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын Эл аралык байланыштар боюнча бөлүм башчыларынын кызматташтык кеңешмеси өтүүдө. Иш-чаранын алкагында эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү жана билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Кеңешмеге төмөнкү университеттердин өкүлдөрү катышууда:
• И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
• К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
• Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
• Ош мамлекеттик педагогикалык университети
• Баткен мамлекеттик университети
• К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
• М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
• Талас мамлекеттик университети.
Иш-чарада билим берүү тармагындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, илимий кызматташтыкты өркүндөтүү, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу программалары талкууланууда. Бул кеңешме Түштүк Корея менен Кыргызстандагы университеттердин ортосундагы академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө жана келечектеги жаңы долбоорлорду ишке ашырууга чоң өбөлгө түзөт.