КМУда “Түстүү тиричилик буюмдардан түстүү фонго коюлган натюрморт” аталышында ачык сабак өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу Доктуркул Ибраев “Түстүү тиричилик буюмдардан түстүү фонго коюлган натюрморт” аталышында ачык сабак өттү.
Иш-чарага Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын доценти Нурдин Молдогазиев, ага окутуучулар Марат Заркунов жана Нургул Ирсалиева катышты.
Сабактын жүрүшүндө ар кандай түстөрдүн айкалышы, тиричилик буюмдарынын сүрөттөлүшү жана алардын биригүүсү аркылуу түстөрдүн гармониясын түзүү, ошондой эле, туура тандалган фон менен көркөм иштелип чыккан натюрмортту жаратуу сыяктуу маселелер практикалык түрдө каралды.
Бул сабак студенттерге натюрморт түзүүнүн негизги принциптерин өздөштүрүүгө жана көркөм чеберчиликтерин өнүктүрүүгө шарт түздү.