КМУда “Табият үнү” аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу Аида Нурманбетова “Табият үнү” аталышында иш-чара өткөрдү.
Иш-чара табият таануу жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаратылышты коргоонун зарылдыгы, сейрек кездешкен жаныбарлар жана өсүмдүктөр тууралуу баяндамалар жасалып, видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Ошондой эле, жаратылышка аяр мамиле кылуунун маанилүүлүгү талкууланды.