КМУда табият таануу жумалыгы уланууда
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунда Экология жана туризм кафедрасынын доценти Эркинбек Токторалиев “ Туризм жана рекреация ишмердүүлүгү, анын Кыргызстандын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы”, Кыргызстан туристтик уюмдар Ассоциациясынын (КАТО) аткаруучу директору Нурбек Сапаров “Кыргызстандын кооз жерлерине туристтик саякат” аталышында лекция өтүштү.
Иш-чара табият таануу жумалыгынын алкагында өтүп, Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөбүздүн туристтик потенциалы, табигый керемет жерлери жана экотуризмди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, экологиялык туруктуулугун сактоо жана өнүктүрүүдө туризмдин маанилүү ролу тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.