Blog Image

КМУда “Таланттар ааламы” аталышында сынак өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Таланттар ааламы” аталышында конкурс өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Иш-чаранын максаты: жаштардын маданий-эстетикалык табитин өстүрүү, маданий баалуулуктарды калыптандыруу, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу жана студенттер ортосунда достук мамилелерди бекемдөө.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өтүүдө:

- Ырчылык (эстрадалык, элдик, классикалык багытта);

- Бий өнөрү (элдик жана заманбап бийлер);

- Сатира жана юмор (КВН, Тамашоу);

- Аспапта ойноо (комуз, кыл кыяк, гитара, фортепиано ж.б.).

Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылыгын арттырууга жана маданий мурастарды даңазалоого өбөлгө түзөт.

Позвонить