Blog Image

КМУда «Тамак-аш технологиясындагы жашыл экономика. Көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аталышында конференция өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Тамак-аш технологиясындагы жашыл экономика. Көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аталышында ЖОЖдор аралык студенттик конференция өтүүдө.

Иш-чарага жогорку окуу жайларынын аспиранттары, магистранттары жана изденүүчүлөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө жашыл экономиканын тамак-аш тармагындагы көйгөйлөрү, анын ичинде ресурстарды үнөмдөө, экологиялык таза продукттарды иштеп чыгуу жана жашыл технологияларды колдонуу боюнча маанилүү баяндамалар жана талкуулар жүргүзүлдү. Баяндамаларда жашыл экономиканын коомдук жана экономикалык жактан маанилүүлүгү, ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу талкууланып, бул багыттагы инновациялык чечимдер сунушталды.

Иш-чара КМУнун Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.