КМУда "Тамак сиңирүү системасы жөнүндө окуу" аталышында лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Сатина Акунова “Адамдын анатомиясы жана морфологиясы дисциплинасы” боюнча “Тамак сиңирүү системасы жөнүндө окуу” аталышында лекция өттү.
Иш-чара табият таануу жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүльназ Жалилова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер тамак сиңирүү системасынын түзүлүшү, анын мааниси жана ар бир органына тиешелүү өзгөчөлүктөр жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.