КМУда “Тамсилдер таймашы” китебинин бет ачары өттү
Бүгүн, 29-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда акын, тамсилчи, актриса, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери Наззара Раззакованын “Мен киммин?” (2023), “Тамсилдер таймашы” (2024) китептеринин бет ачары өттү.
Иш-чарага Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары Аида Эгембердиева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, педагог Темирлан Сманбеков, акын Наззара Раззакова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө акындын ырлары жана тамсилдери көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.