Blog Image

КМУда Тарых жумалыгынын алкагында “Билге” билим сынагы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде тарых жумалыгынын алкагында жана И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата университеттин 2-курсунун студенттеринин арасында “Билге” билим сынагы өткөрүлдү.

“Билге” билим сынагын ага окутуучу Амантур уулу Чыңгыз даярдап, сынакты өткөрүүгө Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин “Билге” уюмунун мүчөлөрү жардам берди.

“Билге” билим сынагынын катышуучулары Ишеналы Арабаевдин ишмердүүлүгү, И.Арабаев атындагы КМУнун тарыхы жана университеттин көрүнүктүү ишмерлери тууралуу суроолорго жооп беришти.

Иш-чаранын максаты: студенттердин тарыхый билимдерин текшерүү, ошондой эле университеттин ишмердүүлүгүнө, тарыхына көңүл буруп, билим аркылуу шыктандыруу.

Сынак учурунда студенттердин жигердүүлүгү жана кызыгуусу байкалды.

Сынактын жыйынтыгында топтогон упайлар боюнча 1-орунду Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин Линит-2-23 тайпасынын студенттери, 2-орунду жана 3-орунду Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИНин СЭОб-11-24 жана СЭОб-13-24 тайпаларынын студенттери ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстандын тарыхы жана этнологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.