Blog Image

КМУда "Тарыхтар жыйнагы" аталышында лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору Гүлгаакы Жумаева “Тарыхтар жыйнагы” («Мажму ат-Таварихтин») аталышында лекция окуду.

Иш-чара предметтик жумалыктын алкагында уюштурулуп, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Лекциянын жүрүшүндө кыргыз ойчулу Сайф ад-дин Аксыкентинин “Тарыхтар жыйнагы” эмгегинин мазмуну, тарыхый мааниси жана илимий баалуулугу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.