Blog Image

КМУда тажрыйбалуу маркетолог жана продюсер А.Акмашаева жеке брендинг тууралуу конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн студенттерине тажрыйбалуу маркетолог жана продюсер Алтынай Акмашаева учурдун маанилүү темасы болгон санариптик технологиялар жана жасалма интеллект доорундагы жеке брендинг тууралуу лекция өттү.

Алтынай Акмашаева өзүнүн жеке бренди жана жасалма интеллект инсандын кадыр-баркын көтөрүүдө жана бекемдөөдө кандайча күчтүү курал боло ала тургандыгын айтып, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Конок-лекциянын катышуучулары маркетинг жана жеке брендинг жаатындагы заманбап технологиялар жөнүндө маанилүү маалыматтарга ээ болушту.

Студенттер кызыккан суроолорун экспертке узатып, келечектеги карьерага тиешелүү темаларды талкуулашты.