КМУда "Teaching and Learning: Teaching Methods" аталышында семинар өттү
Бүгүн, 14-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Teaching and Learning: Teaching Methods" аталышында семинар өттү.
Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын окутуучулары К.А. Эрмекбаева жана С.К.Абдыразакова Nooruz Heritage" аталышында лекция өтүп, Нооруз майрамы жөнүндө маалымат берилди.
Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасы тарабынан уюштурулду.