Blog Image

КМУда “Teaching Visual Literacy” деген темада окуу-методикалык семинар өттү

18-январда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасы уюштурган семинарга  К.Карасаев атындагы БГУнун ага окутуучусу, эл аралык тренер Абдышева Ч.А. “Teaching Visual Literacy” деген темада окуу-методикалык семинар өттү. Семинарга институттун профессордук-окутуучулук курамы жана кафедранын магистранттары  катышып, заманбап методикаларды колдонууну практика жүзүндө ишке ашыруу менен, мыкты натыйжаларды алышты.