КМУда «Театр на Дзержинке» аттуу биринчи студенттик театрынын салтанаттуу ачылышы болду
23-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультетинде «Театр на Дзержинке» аттуу биринчи студенттик театрынын салтанаттуу ачылышы болду. Ачылышында факультеттин деканы Назгүл Сегизбаева театрды ачуу демилгеси, анын алгачкы спектаклдери, факультеттин студенттик активисттери тарабынан уюштурулганын баса белгиледи. Келечекте театр дүйнөлүк адабияттын түрдүү чыгармаларынан спектаклдерди коюуну пландап жатат.