КМУда “Текстти талдоонун санариптик усулдары” аталышында илимий-методикалык семинар өттү
Бүгүн, 1-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Борбордук Азиядагы Америка университетинин эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев “Текстти талдоонун санариптик усулдары” аталышында илимий-методикалык семинар өттү. Семинардын жүрүшүндө Данияр Карабаев санариптик ыкмаларды колдонуп, текст талдоонун жаңы ыкмалары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, текстти талдоонун заманбап технологиялары жана алардын тил илиминдеги орду тууралуу талкуулар жүрүп, катышуучулар санариптик усулдарды колдонуу жолдорун үйрөнүштү.
Семинар Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.