Blog Image

КМУда “Тил, илим жана маданият заманбап окуу процессинде” аталышында  эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция өттү

30-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУда  профессор Шарипа Кадырованын 80 жылдыгына карата  “Тил, илим жана маданият заманбап окуу процессинде” аталышында  эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция онлайн жана оффлайн форматта өттү. Иш-чарага  жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Конференциянын жүрүшүндө профессор Шарипа Кадырованын аспиранты, Fulbright программасынын стипендианты Ф. Шерматова Шарипа Кадырованын өмүр жолу жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле, Түркиядагы Ардахан университетинин студенти  Кайрат Темикеев  "Ааламдашуу алкагында кыргыз элинин маданий баалуулуктарынын калканы – илим" аталышында , Борбордук Азиядагы Америка университетинин 3-курсунун студенти Салтанат Талантбек кызы “Globalization And Its Impact On Cultural Identity And Social Values”аталышында баяндама жасады.