КМУда“Тил сабагында модулдук системаны колдонуу” аталышында конок-лекция өттү
8-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун орус филологиясы факультетинин адабиятты окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасында профессор Кыргызбай Добаев “Тил сабагында модулдук системаны колдонуу” темасында конок-лекция өттү.
Лекцияга Мамлекеттик тил жана маданият институтунун окутуучулары жана студенттери катышты. Катышуучулар кызыккан суроолорун берип, кенен маалыматка ээ болушту.