КМУда “Тил сакчысы” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүүдө
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн “Тил сакчысы” фотодалилдер сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча жарыяланган жылдын алкагында уюштурулуп, ага КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору, академик Сыртбай Мусаев, КР Министрлер кабинетинин Котормо борборунун директору Тамара Абылкасымова, КР Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын окуу борборунун башчысы, филология илимдеринин кандидаты Карлыгач Жумакадырова, КР Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлнара Ибрагимова, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова жана коомдук ишмерлер катышууда.
Сынактын максаты: мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жаштар арасында тилге болгон мамилени бекемдөө жана активдүү тил сакчыларын аныктоо.




