Blog Image

КМУда тил саясатын ишке ашыруу максатында даярдалган окуу китептеринин бет ачары өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана бирдиктүү тил саясатын ишке ашыруу максатында даярдалган окуу китептеринин бет ачары өттү.

Иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Аркарбек Мамытов, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты..

Иш-чаранын негизги максаты: мамлекеттик тилди окутуудагы жаңы ыкмаларды сунуштоо жана кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган окуу китептерин коомчулукка тааныштыруу.

Доцент Күлнар Иманакунова “Кыргыз тили” (В1 деңгээли) окуу китебин, филология илимдеринин кандидаты Айнура Кабатай кызы “Кеп техникасы” колдонмосун, “Arip-school” долбоорунун негиздөөчүсү Кундуз Кадыркулова “Кыргыз тили боюнча колдонмосун” презентациялашты.

Иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулду.