КМУда “Тилдик каражаттардын белгилик касиеттери” аталышында конок-лекция өттү
Бүгүн, 24-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаров “Тилдик каражаттардын белгилик касиеттери” аталышында конок-лекция өттү. Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Конок-лекциянын жүрүшүндө тилдик каражаттар жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Профессор Капар Зулпукаров студенттердин тил илими боюнча көптөгөн суроолоруна жооп берди.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.