КМУда “Тилек” аталышында кайрымдуулук акция өттү
13-май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда “Тилек” аталышында кайрымдуулук акция өттү. Кайрымдуулук акциянын жүрүшүндө жарманке уюштурулуп, студенттердин үй шартында даярдаган таттуулары, суусундуктары жана кездемеден жасалган жоолуктары сатылды. Иш-чаранын жыйынтыгында топтолгон каражат муктаж адамга тапшырылды.
Кайрымдуулук акциянын максаты жардамга муктаж адамдарга акчалай жардам берүү болуп саналат.