Blog Image

КМУда «Тренерлер үчүн тренинг» аттуу курс өтүп жатат

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун тренерлери тарабынан «Тренерлер үчүн тренинг» аттуу 144 сааттык курс өтүп жатат. Курс 2023-жылдын 13-ноябрында башталган, жана 9-декабрга чейин уланат. Аталган курска КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык, юридикалык колледждеринин окутуучулары катышууда. Бул курс билим берүүнүн заманбап талаптарына ылайык, катышуучуларды билим берүүнүн инновациялык технологиялары жана жаңы усулдары менен тааныштыруу аркылуу, окутуунун методикасын жана жаңы технологияларын педагогикалык ишмердигинде колдонуусуна өбөлгө түзөт. Жыйынтыгында катышуучулар күбөлүккө ээ болушат.