Blog Image

КМУда “Туризмди туруктуу өнүктүрүү” аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунда "Ulush Travel" турфирмасынын аткаруучу директору Максим Александров “Туризмди туруктуу өнүктүрүү” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө туристтик фирмаларда өндүрүштүк практиканы өтүү жана туристтер менен иш алып баруу боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, Максим Александров туристтик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана туристтерге болгон мамилени туура башкаруу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чаранын максаты: туризм тармагындагы билимдерди тереңдетүү жана студенттердин практикалык тажрыйбасын арттыруу.

Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.