КМУда “Туруктуу өнүгүү үчүн жашыл жана санарип университет” аталышында тегерек стол өттү
Бүгүн, 29-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Туруктуу өнүгүү үчүн жашыл жана санарип университет” аталышында тегерек стол өттү. Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, окуу жайдын курам жетекчилери, кафедра башчылары катышты.
Бул иш-чара Erasmus+ программасынын жана GREENKG долбоорунун алкагында уюштурулуп, анда Табигый илимдер жана туризм институтунун, Маалыматтык технологиялар борборунун аткарып жаткан иштери тууралуу кенен маалымат берилди. Университеттин туруктуу өнүгүүгө жана санариптештирүү процессине кошкон салымы талкууланып, келечектеги пландар белгиленди.
Тегерек стол КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү жана Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.