Blog Image

КМУда Туруктуу өнүгүүнүн алкагындагы эл аралык конференция өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Туруктуу өнүгүүнүн 4-максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жетишүү үчүн туруктуу өнүгүүдө билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу темада эл аралык XVI Азия-Тынч океанынын Аймактык Эксперттик Борборлорунун конференциясы өтүүдө.

Иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жана Япония, Кытай, Монголия, Корея, Филиппин, Малайзия, Тайланд жана Россия Федерациясынан 35тен ашык эксперттер катышууда.

Конференциянын негизги максаты – сапаттуу билим берүү аркылуу квалификациялуу адистерди даярдоо менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Туруктуу өнүгүү алкагындагы №4 максат - квалификацияны жана кесиптик даярдыкты өмүр бою жогорулатуу аркылуу билим берүү системасын өркүндөтүүгө багытталган.

Конференциянын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим алуунун ролун кеңейтүү жана маалыматтык окутуунун таасирин жогорулатуу боюнча маанилүү маселелер каралып, адистер пикир алышууда.

Бул иш-чара өлкөнүн жана аймактын билим берүү системасына чоң салым кошуп, маанилүү роль ойнойт.

И. Арабаев атындагы КМУ маанилүү эл аралык иш-чарага кошкон салымы үчүн Айыл Банк ААКга ыраазычылыгын билдирет.