КМУда "Туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика" аталышында тренинг өттү
Бүгүн, 15-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, Эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Гульназ Жалилова жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Тренингдин негизги максаты: Туруктуу өнүгүүнүн жана жашыл экономиканын негиздерин түшүндүрүү, жашыл экономиканын өнүгүүсү үчүн дүйнөлүк практикадан алынган тажрыйбаларды талкуулоо жана университеттин студенттери жана окутуучулары үчүн жашыл экономика боюнча билим берүү.
Бул иш-чара университетте экологиялык туруктуулукту жана экономиканын жашыл трансформациясын колдоого багытталган иш-аракеттерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.