Blog Image

КМУда "Туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика" аталышында тренинг өз ишин баштады

14-17-январь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика” аталышында тренинг өз ишин баштады. Иш-чара “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санарип жана жашыл университеттер” долбоорунун алкагында уюштурулуп, ага республика боюнча ЖОЖдордон 30 окутуучу катышууда. Тренингдин максаты: жашыл экономика, туруктуу өнүгүү жана экологиялык билим берүүнү жогорку окуу жайларында жайылтуу, ошондой эле окутуучулардын бул тармактагы билимин жогорулатуу. Иш-чарада тренерлерликти аркалаган белгилүү экономист Торстен Свобода жана Табигый илимдер жана туризм иститутунун директору, эколог Гульназ Жалилова. Тренингдин жүрүшүндө “Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү боюнча билимдерди жогорулатуу”, “Экологиялык жактан туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн иш-аракеттерди пландаштыруу”, “Жогорку окуу жайларында жашыл экономиканын маанисин жана анын келечекке болгон таасирин түшүндүрүү” боюнча маалыматтар берилет. Бул иш-чарага GOPA AFC компаниясы өнөктөш болууда. Ал эми Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC), Европалык Биримдик (EU) жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Федералдык Министрлиги (BMZ) “Кыргызстанда жеке секторлордо жашыл экономиканы өнүктүрүү – GIZ” программасынын алкагында демөөрчүлүк кылышууда.

Позвонить