КМУда “Types of translation”, “Sociocultural aspects of translation“ деген темаларда конок-лекция өттү
16-май күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. Г.А.Орозбаева Котормонун теориясы жана практикасы дисциплинасынан “Types of translation”, “Sociocultural aspects of translation“ деген темаларда Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын 3, 4-курстарынын студенттерине конок-лекция өттү.
Иш-чарага Ш. Кадырова атындагы ДТЭМИнин Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын окутутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чаранын максаты: студенттердин англис тилине которуунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүүгө болгон когнитивдик кызыгуусун активдештирүү, алардын көз карашын кеңейтүү, ошондой эле окуп жаткан тил тууралуу кызыктуу фактыларды тереңдетүү.
Конок-лекция КМУнун Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин ФПЛ кафедрасы тарабынан уюштурулду.