Blog Image

КМУда "Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык" аталышында иш-чара өттү

5-июнь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун "Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык" аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Иш чаранын негизги максаты баардык этностордун үрп-адаттарын, салттарын, тилин, маданиятын өнүктүрүү, маданиятты интеграциялоо, улуттар аралык мамилелердеги сабырсыздыктын жана карама-каршылыктын алдын алуу. Ошондой эле, демократиялык мамлекетти курууда жарандык активдүүлүктү жана жаштарды патриоттук духта тарбиялоо болуп саналат. Иш-чара Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери тарабынан уюштурулган.