Blog Image

КМУда "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" аталышында иш-чара өттү

Бүгүн, 26-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунда "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Психология бөлүмүнүн башчысы Турдумамат Качикеев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын идеологиясын талкуулоо, улуттук жана дүйнөлүк деңгээлде бийиктиктерге жетишүү жолдору жөнүндө маселелер талкууланды. Ошондой эле, улуттук идеологиянын маанисин жана аны жайылтуунун жолдору тууралуу маалымат алышты.

Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.