Blog Image

КМУда "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" аталышында иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Майрамдык иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.