КМУда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу аталышында иш-чара өтүүдө
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу аталышында иш-чара өтүүдө.
Иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, профессор Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын илим жана техникалык жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Сулайман Кайыпов, КР Улуттук жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Байас Турал, КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Раушанбек Зайниев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды даңазалоо, мекенчилдикти бекемдөө жана жарандык жоопкерчиликти арттыруу боюнча маанилүү баяндамалар окулуп, ачык диалог жүрдү.
Иш-чаранын максаты: мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу.




