КМУда “ Улуттук квалификациялык алкак боюнча тренинг өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Гүлзада Дуйшебаева, тренер Рахат Бекбоева “ Улуттук квалификациялык алкак (УКА) жана кесиптик стандарттардын (КС) негизинде билим берүү программаларын (ББП) жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын (МББС) иштеп чыгуу” аталышындагы тренинг өттү.
Тренингдин жүрүшүндө УКА менен КСтин өз ара байланышы, алардын билим берүү системасындагы ролу, ББПны УКАнын негизинде туура түзүү жолдору жана МББСти иштеп чыгууда талап кылынуучу негизги аспектилер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Катышуучулар үчүн практикалык тапшырмалар жана кейс-талдоолор аркылуу билим берүү программаларын натыйжалуу түзүү боюнча көндүмдөр көрсөтүлдү.