Blog Image

КМУда улуттук квалификациялык алкак боюнча тренингдин экинчи күнү өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Гүлзада Дуйшебаева, тренер Рахат Бекбоева “ Улуттук квалификациялык алкак (УКА) жана кесиптик стандарттардын (КС) негизинде билим берүү программаларын (ББП) жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын (МББС) иштеп чыгуу” аталышындагы тренингдин экинчи күнү өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКАнын мааниси жана билим берүүдөгү ролу, билим берүү программаларын заманбап талаптарга ылайык түзүү, кесиптик стандарттар менен айкалыштыруу, ошондой эле, билимдин сапатын жогорулатуу боюнча практикалык багыттар тууралуу маалыматтар берилди.

Тренингге КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышып, талкуулар, топтук иштер жана кейс-талдоолор аркылуу өздөрүнүн тажрыйбасын арттырышты.

Позвонить