КМУда "Улуттук рух жана дүйнөлүк бийиктиктер: чүкөлөр-маданий мурас жана элдер биримдигинин символу" аталышында конок-лекция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунда тарых илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Рысмендеева "Улуттук рух жана дүйнөлүк бийиктиктер: чүкөлөр-маданий мурас жана элдер биримдигинин символу" аталышында конок-лекция өттү.
Лекциянын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхында чүкө маданиятынын орду, чүкөлөрдүн кыргыз маданиятындагы мааниси, орду, тарыхый, маданий жана азыркы мезгилдеги баалуулугу тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чаранын негизги максаты: студенттеридин чүкө маданиятына болгон кызыгуусун ойготуу, кыргыз элинин 80ден ашуун чүкө оюндары белгилүү экендиги тууралуу маалымат берүү.
Иш-чара КМУнун Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулду.