Blog Image

КМУда улуттук жана эл аралык электрондук маалымат ресурстарына кирүү жана аларды колдонуу боюнча иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын директору Нуриля Давлетярова, орун басары Бурул Кутуева, жетектөөчү адиси Бактыкан Токтомушевалар окуу жайдын кафедра башчыларына улуттук жана эл аралык электрондук маалымат ресурстарына кирүү жана аларды колдонуу боюнча кеңири маалымат беришти. Ага университеттин Окуу башкармалыгын башчысы Равшан Зайниев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө келечекте бул багытта алгылыктуу иш алып баруунун жолдору талкууланып, бир катар сунуштар айтылды.