Blog Image

КМУда “Улуттун улуулугу анын тилинде” аталышында поэзия кечеси болуп өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улуттун улуулугу анын тилинде” аталышында поэзия кечеси болуп өттү. Иш-чарага КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Жыпара Исабаева, А. Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, котормочу Алтынбек Исмаилов, маданияттын мыкты кызматкери, акын Жылдызбек Турсунбаев, төкмө акын, обончу Баян Акматов катышты.

Акын-жазуучулар өздөрүнүн чыгармаларын тартуулап, эне тил тууралуу ойлорун бөлүштү.