КМУда «Улутум кыргыз, урааным Манас, сыймыгым Чыңгыз» аталышында конок-лекция өттү
Бүгүн, 17-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Манас” Улуттук Академиясынын президенти, манасчы Азиз Биймырза уулу «Улутум кыргыз, урааным Манас, сыймыгым Чыңгыз» аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чарага КМУнун профессордук-октуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Манас” эпосунун руханий мааниси, эпостун азыркы абалы жана аны сактап калуу жолдору тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, манасчы Азиз Биймырза уулу эпостон үзүндү айтып, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Конок-лекциянын алкагында студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуп, улуттук тил жана маданиятка арналган ырларды аткарышты. Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүү, «Манас» эпосун жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу аркылуу жаштардын патриоттук сезимдерин күчөтүүгө багытталган.
Иш-чара Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-кытай факультетинин чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан уюштурулду.