КМУда "Улутумдун улуулугу Манаста" аттуу таймаш өттү
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасы 4-декабрь "Манас" эпосунун күнүнө карата курамдар аралык студенттердин арасында "Улутумдун улуулугу Манаста" аттуу таймаш болуп өттү. Таймаш "Манас" эпосун жана эпостогу мекенчилдик идеяларды, Кыргыз наркын студенттерге жайылтууга багытталган. Жыйынтыгында таймашка активдүү катышкан студенттерге ректордун ардак грамоталары тапшырылды.