Blog Image

КМУда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата "Эч ким эч качан унутулбайт" аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышып, Улуу Жеңиштин тарыхый мааниси жана кыргыз жоокерлеринин эрдиктери тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чаранын алкагында институттун профессордук-окутуучулар курамы М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейине барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө музейдин кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы өлкөнүн ички турмушу жана М.В.Фрунзенин өмүр жолу тууралуу кеңири маалымат беришти.

Позвонить