Blog Image

КМУда улуу ойчул Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 3-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУда Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нуры Голлиев, КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Садык Алахан, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору жана жазуучу Дүйшөн Керимов, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Гүлжамал Жаманкулова жана башка окумуштуулар, адистер жана маданият ишмерлери катышууда.

Конференцияда Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин чыгармаларынын кыргыз адабиятына тийгизген таасири, чыгыш философиясынын акындын чыгармаларындагы орду жана анын мезгилдеш акындары менен байланышы тууралуу баяндамалар жасалууда. Иш-чара акындын ырларынан үзүндүлөр жана музыкалык чыгармалар менен коштолуп, кыргыз-түркмөн маданий алакаларын бекемдөөгө багытталган талкуулар менен уланууда.