Blog Image

КМУда улуу ойчул Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн, 3-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУда Түркмөнстандын классик акыны жана улуу ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан “Мактымкулу Фраги жана кыргыз адабияты”, "Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору, жазуучу Дүйшөн Керимов “Мактымкулу жана мезгил”, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова “Мактумкулу Фраги – Чыгыш могиканы”, Кыргызстан Эл аралык университетинин Журналистика багытынын окутуучусу Айсулуу Жеңишбек кызы “Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы меймандостук байланыш” аталышында баяндама жасады.

Конференцияда Мактымкулу Фрагинин чыгармаларынын кыргыз адабиятына таасири, чыгыш философиясынын акындын чыгармаларындагы орду жана анын мезгилдеш акындары менен байланышы тууралуу маалыматтар айтылып, акындын ырларынан үзүндүлөр жана музыкалык чыгармалар аткарылды.

Улуу ойчул Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция кыргыз-түркмөн маданий алакаларын бекемдөөгө багытталган.