КМУда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында эл аралык тест өткөрүлдү
27-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту жана Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институту тарабынан даярдалган Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жана И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында «Улуу Жеңиш тарыхын бил!» («Знай историю Великой Победы!») аталышында онлайн-тест өттү.
Тесттин суроолору Советтер Союзунун курамындагы Борбордук Азия республикаларынын элдеринин 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышуусуна арналган. Студенттер аймакта түзүлгөн дивизиялар, чакырылгандардын саны, Борбордук Азиядан чыккан Советтер Союзунун Баатырлары жана алардын эрдиктери боюнча суроолорго жоооп беришти. Ошондой эле, суроолор согуштук аракеттердин тарыхын гана эмес Казак, Кыргыз, Өзбек, Тажик жана Түркмөн ССРлериндеги советтик тылдын тарыхын да камтыган.
Тест өткөрүүгө КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору, т.и.к., доцент И.И.Назаров, Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору, КР УИАнын мүчө-корр. Ч.У.Койчуманова жана институттун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Бул иш-чара И.Арабаев атындагы КМУ менен Алтай мамлекеттик университетинин ортосундагы эл аралык байланышты чыңдоо, Улуу Жеңиштин тарыхый ордун тереңдетип таанып билүү максатында өткөрүлдү. Тест тапшырмаларын аткарган бардык катышуучуларга ысымдары жазылган сертификаттар, ал эми эң жогорку упай топтогон студенттерге уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер тапшырылды.