Blog Image

КМУда "Университеттеги стартап ишмердүүлүгү" темасында тренинг өттү

26-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинде "Университеттеги стартап ишмердүүлүгү" темасында тренинг өткөрүлдү. 1-курстун студенттери үчүн тренингди Изо жана дизайн кафедрасынын окутуучусу Мариям Гаджиева өткөрдү.

Иш-чаранын максаты: стартап ишмердүүлүгүн терең түшүнүүгө жардам берүү,

катышуучуларды стартап-маданияттын негиздери менен тааныштыруу жана аларга өз долбоорлорун ишке киргизүү үчүн керектүү куралдарды берүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар стартаптарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон пайдалуу билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Интерактивдүү сессиялардын алкагында катышуучулар өздөрүнүн стартаптарынын концепцияларын иштеп чыгып, өз идеяларын талдай алышты.

Позвонить