Blog Image

КМУда "Университеттин стартаптарды өнүктүрүүдө профессордук-окутуучулар курамынын орду: илимден бизнеске карай" аталышында тренинг өттү

Бүгүн, 14-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Университеттин стартаптарды өнүктүрүүдө профессордук-окутуучулар курамынын орду: илимден бизнеске карай" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага Стартап борборунун жетекчиси Наргиза Абдылдаева жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Тренингдин негизги максаты: стартаптарды өнүктүрүүдө профессордук-окутуучулар курамынын ролу жана аларды илимий изилдөөлөрдү коммерциялаштыруу процесстерине тартуу, илимий идеяларды, инновацияларды жана изилдөөлөрдү бизнеске айландыруунун жолдору тууралуу маалымат берүү.