Blog Image

КМУда усулчуларды окутуу программасынын 2-күнүнүн темасы “Сабакты пландаштыруу жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу” болду

И.Арабаев атындагы КМУда усулчуларды окутуу программасынын 2-күнүнүн темасы “Сабакты пландаштыруу жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу” болду.

Алгач, тренерлер катышуучулар менен бирге 1-күнгө кайтарым байланыш түзүштү.

Андан соң төмөнкү темалардын үстүндө иш алып барышты. Алар,

- кыска баян: жаңы ыкмалар (STEM/Англис тили);

- интерактивдүү талкуу: сабакта жаңы ыкмаларды колдонуу;

- мастер-класс: сабактарды пландоо, интеграция;

- практикалык бөлүк: сабак сценарийлери;

- рефлексия жана күндүн жыйынтыгы.

Эскерте кетсек, И.Арабаев атындагы КМУнун базасында "Эл аралык ыкмаларга ылайык жаңы билим берүү стандарттарын жана программаларын киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн улуттук мастер-тренерлерди даярдоо" аттуу республикалык деңгээлдеги 5 күндүк тренинг 14-18-июль күндөр аралыгында өтөт.

Өлкөнүн бардык аймактарынан 175 мугалим 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн математика жана табият таануу, ошондой эле 3-9-класстар үчүн англис тили предметтери боюнча жаңы окуу материалдарын колдонуу боюнча окутулат. Окутууну Сингапурдун Marshall Cavendish Education эл аралык билим берүү чечимдерди жеткирүүчү 9 эл аралык машыктыруучу жүргүзүп, өздөрүнүн оң тажрыйбаларын бөлүшүшөт.

Позвонить