КМУда усулчуларды окутуу программасынын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Сабакты пландаштыруу жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу” аталышында усулчуларды окутуу программасы өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Окутуу программасын Сингапурдун Marshall Cavendish Education эл аралык билим берүү чечимдерди жеткирүүчү 9 эл аралык машыктыруучу жүргүзүп, өздөрүнүн оң тажрыйбаларын бөлүштү.
Өлкөнүн бардык аймактарынан 175 мугалим 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн математика жана табият таануу, ошондой эле, 3-9-класстар үчүн англис тили предметтери боюнча жаңы окуу материалдарын колдонуу боюнча окушат.
Эскерте кетсек, И.Арабаев атындагы КМУнун базасында "Эл аралык ыкмаларга ылайык жаңы билим берүү стандарттарын жана программаларын киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн улуттук мастер-тренерлерди даярдоо"аталышында республикалык деңгээлдеги 5 күндүк тренинг 14-18-июль күндөр аралыгында өтөт.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана министрликтин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, И.Арабаев атындагы КМУ жана ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулду.