Blog Image

КМУда “Веб-программалоо тилдерине жашоодо болгон суроо-талаптар” аталышындагы семинар болду

28-октябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда илим күнүнө карата “Веб-программалоо тилдерине жашоодо болгон суроо-талаптар” деген темада семинар өттү. Анда Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун бүтүрүүчүлөрү Куттубек Айдаралиев менен Санжар Коңуров доклад окушту. Семинардын максаты – веб-программалоо тилдери боюнча программисттердин практикалык иштерин көрсөтүү болуп саналат.