КМУда ВЭК мүчөлөрүнүн ЖОЖ жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуусу өтүүдө
И.Арабаев атындагы КМУда "Билим-стандарт" көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы менен биргеликте Улуттук кесиптик-социалдык аккредитациялоо борбору тарабынан И.Арабаев атындагы КМУнун жогорку кесиптик билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоо өтүүдө.
Бүгүн тышкы эксперттик комиссия (ТЭК) отчетторду кароо менен комиссиянын ички жыйынын өткөрөт.
Андан ары, ТЭК мүчөлөрүнүн ЖОЖдун жетекчилик курамы менен жыйынтыктоочу жолугушуусу болуп, анда анын жыйынтыгы боюнча комиссиянын оозеки баяндамасы жарыяланат.
Белгилей кетсек, 28-30-май аралыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде бакалаврларды даярдоо боюнча 39 жогорку кесиптик билим берүү программасы (бакалавриаттын 15 багыты), Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү боюнча 11 программа эл аралык аккредитациядан өтүп жатат.