КМУда «Венгрия киносунун күндөрү – 2025» аталышында фестиваль өтүүдө
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Венгрия киносунун күндөрү – 2025» аталышында фестиваль өтүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, КМУнун Айгүл Абдраева, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги катышты.
Иш-чара Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, анда белгилүү режиссерлордун чыгармачылыгы менен тааныштырылат. Фильмдер реалдуу окуяларга жана адамдардын тагдырына негизделип, Венгриянын чоң тарыхын каармандардын жеке окуялары жана эскерүүлөрү аркылуу баяндалган.
Венгриянын кино күндөрү 3 күнгө созулуп, 1982-жылы чыккан «Балдарым үчүн күндөлүк», 1987-жылы жарык көргөн «Жакындарым үчүн күндөлүк» жана 2023-жылы чыккан «Земмельвейс» аталышындагы тасмалар көрүүчүлөргө тартууланат.
Фестивалдын максаты: кыргыз коомчулугуна заманбап жана классикалык венгрия киносун таанытуу, ошондой эле, эки өлкө ортосундагы маданий жана билим берүү кызматташтыгын чыңдоо.
Иш-чара Венгриянын Улуттук кино институту (National Film Institute Hungary), Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги, И. Арабаев атындагы КМУ жана И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын биргелешкен уюштуруусу менен өткөрүлүүдө.





